Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Ирак ИМге каршы ири операция баштады


Мосул шаарынын чети.
Мосул шаарынын чети.

Ирак бийлиги Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан кайтарып алуу үчүн ири операция баштаганын билдирди.

Армиянын маалымат катчысы, бригадалык генерал Яхья Расул 24-мартта билдиргенине караганда, “Аль-Фатх” шарттуу аты бар чабуул таң эрте башталды.

Расулдун айтымында, ирак күчтөрү Махмур шаарынын четиндеги бир нече айылдарды кайтарып алышты.

Ал ошондой эле АКШ баштаган эл аралык коалиция күчтөрү абадан жардам берип жатканын кошумчалады.

Борбор калаа Багдаддан 360 чакырым түндүк-батыштагы Мосул 2014-жылы экстремисттердин колуна өткөн.

XS
SM
MD
LG