Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Казакстан: Дарига Назарбаева депутат болбой калды


Казакстандагы парламенттик шайлоо.
Казакстандагы парламенттик шайлоо.

Президенттик “Нур Отан” партиясы Астанада өткөн жыйынында парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилиске ким кирерин аныктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирет.

Шайлоодо 82% добуш алган “Нур Отанга” 84 орун тийген. Мандатка ээ болгондордун көбү мурдагы чакырылыштын депутаттары. Ошол эле депутаттар мурда Мажилисти таратууну өтүнүп президентке кайрылышкан.

Ал эми “Нур Отандын” тизмесиндеги президенттин тун кызы Дарига Назарбаеванын аты-жөнү жаңы депутаттардын арасында жок. Ошондой эле белгилүү эстрада ырчылары Кайрат Нуртас, Жанар Дугалова, боксер Геннадий Головкин да Мажилиске киришкен жок.

Казакстанда кезексиз шайлоо 20-мартта өткөн. Анда президенттин партиясынан тышкары “Ак жол” (7,18%) жана Коммунисттик элдик партия (7,14%) парламентке келген.

XS
SM
MD
LG