Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Түркия ИМге кошулмакчы болгон борборазиялыктарды кармады


Түрк полициясы өлкөнүн түштүгүндө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулууну көздөп жаткан деп Борбор Азия жана Орусиядан келген беш адамды кармады.

Бул тууралуу Газиантеп шаарындагы күч органдарына таянып, түркиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

23-марттын түнүндө кармалгандар Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары экени кабарланууда.

Алар Түркия-Сирия чек арасын кесип өтүп, жоочуларга кошулмай болгонун моюнуна алышканы айтылат. Акыркы убактарда Орусия жана Борбор Азиядан жүздөгөн жарандар, анын ичинде айрымдары үй-бүлөлөрү менен Сириядагы жоочуларга кошулуп кеткени айтылат.

XS
SM
MD
LG