Мозамбик өлкөсүнүн жээгинен табылган сыныктар эки жыл мурда жоголгон малайзиялык учакка таандык. Бул тууралуу Австралиянын транспорт министри Даррен Честер кабарлады.
"Изилдөө тобу ушундай тыянакка келди" деди министр.
Калдыктар Африка жээктерине суу толкуну аркылуу калкып барышы ыктымал. Бул учак эки жыл мурда Инди океанынын түштүгүнө кулаган деген австралия окумуштууларынын эсептерине дал келет.
Куала-Лумпурдан Бээжинге сапар алган "Боинг-777" учагынын бортунда жалпы 239 киши болгон. Ал 2014-жылдын 8-мартында радардан кайып болгон. Ошондон бери дайын-дареги белгисиз болчу. Мурдараак Инд океанындагы Реюньон аралынын жээгинен да ошол учакка тиешелүү болушу ыктымал деген фрагменттер табылган.
Австралия мындан тышкары Түштүк Африкада табылган, ошол учактыкы делген башка сыныктарды да изилдемей болууда.