Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Гаагада өкүмүн күтүүдө


Радован Каражич
Радован Каражич

Эл аралык Гаага соту 24-мартта босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичке өкүм чыгарышы керек. Ал геноцидге, адамзатка каршы кылмыштарга, Женева конвенциясы бекиткен согуш жүргүзүү эреже-мыйзамдарын бузууга айыпталган.

"Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысынын айтымында, сөз Каражичтин Сараеводогу курчоо жана Сребреницадагы мусулмандарды массалык өлтүрүү жөнүндө болууда. Ал жерде 21 жыл мурда босниялык сербдердин армиясы бир нече күндө жаш-карысына карабай сегиз миңден ашуун эркекти өлтүргөн.

Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибуналдын иши аягына чыгууда. Кийинки жылы ал жабылат. Ушул эле айда Сербиянын Радикал партиясынын лидери, улутчул Воислав Шешелдин иши да аягына чыгат.

Айыптоо дагы бир генерал Ратко Младич менен Каражичти бир “корпорациянын” чечүүчү фигуралары катары карап, Сребреницадагы геноцидге жоопкер деп эсептейт.

Прокурор Каражичти өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

XS
SM
MD
LG