Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Каражич 40 жылга эркинен ажыратылды


Радован Каражич сотто
Радован Каражич сотто

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич 24-мартта геноцид жана башка тогуз айып боюнча 40 жылга эркинен ажыратылды.

Эл аралык Гаага трибуналы аны Босниядагы 1992-95-жылдары согуш учурунда геноцидге жол берген, адамзатка каршы кылмыш кылган, согуш мыйзамдарын бузган деген айып такты.

70 жаштагы Каражич 11 эпизоддун ону боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал геноцид боюнча айыптын экинчи пункту – Босниянын шаарларындагы кылмыш боюнча акталды.

Бул кыргын боюнча айыпталып кармалган дагы бир ири саясий ишмер Сербиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич 2006-жылы абакта көз жумган.

Сребреницадагы мусулман эркектерди кары-жашына карабай өлтүрүү Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң аёосуз геноцид деп табылган.

Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибуналдын иши аягына чыгууда. Кийинки жылы ал жабылат. Ушул эле айда Сербиянын Радикал партиясынын лидери, улутчул Воислав Шешелдин иши да аягына чыгат.

Айыптоочу тарап дагы бир генерал Ратко Младич менен Каражичти бир “топтун” чечүүчү фигуралары катары карап, Сребреницадагы геноцидге жоопкер деп эсептейт.

Прокурор Каражичти өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

XS
SM
MD
LG