Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Ошто жол коопсуздук кызматкери сабалды


Ош шаардык Жол кайгуул кызматынын инспектору Мухамбет Караев азыркы тапта ооруканада жатат.

“Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, жабырлануучу Ички иштер министрлигине караштуу ички коопсуздук башкармалыгынын эки кызматкери аны катуу сабаганын айткан. Ал муну сабагандардын тааныштарына автоунаасын караңгылатып жүргөнү үчүн протокол түзгөнү менен байланыштырууда. Караев милициянын коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү аны иш бөлмөсүнө чакырып алып сабашканын айтууда. Инспектордун мээси чайкалып, бети-башынан, бөйрөгүнөн жаракат алган.

Жол кайгуул кызматкерлерине кол көтөргөн учурлар Кыргызстанда буга чейин да болгон. Аларды унаанын капотунда сүйрөп кеткен видеолор интернетке тараганы белгилүү. (NT/YI)

XS
SM
MD
LG