Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Орусияда эл аралык издөөдөгү кыргызстандык жаран кармалды


Омск аймагына 7-мартта жүк ташуучу поезд менен кирүүнү көздөп, чек арадан колго түшкөн жаран Жалал-Абад облусунун тургуну экенин Орусиянын укук коргоо органдарына таянуу менен жергиликтүү маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ага Кыргызстанда мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, террордук актыларды уюштурууга аракеттенген, мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн, адам өлтүргөн деген айып менен эл аралык издөө жарыяланганы аныкталган.

Азыр Орусиянын Кылмыш кодексинин 322-беренесине ылайык иш козголуп, кармалган адам эки айга камакка алынды. Анын аты-жөнү ачык айтылган жок. Омск облустук прокуратурасы Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси талкууланарын маалымдаган. Кыргызстандын укук коргоо органдары бул боюнча маалымат бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG