Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Асанов менен Кадыровго байланышкан тергөө уланууда


Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров боюнча тергөө жүрүп жатат. Алар 24-мартта бийликти басып алуу аракетине байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде УКМКга алынып келинген. Аталган мекеме бул боюнча сот менен Башкы прокуратурадан санкция алынганын маалымдады.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген 2 аудио тасма тарап кеткен. Ага катышты делген саясатчылар муну каралоо катары баалашууда. (NT)

XS
SM
MD
LG