Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Сирияда орус офицери окко учту


Палмира шаарына жакындап келе жаткан Сириянын өкмөттүк күчтөрү
Палмира шаарына жакындап келе жаткан Сириянын өкмөттүк күчтөрү

Орусия куралдуу күчтөрүнүн офицери Палмира шаарында аскердик тапшырманы аткарып жүргөн учурда окко учканын бейшембиде Сириядагы "Хмеймим" орус авиабазасынан "Интерфакска" ырасташты. Маалыматка караганда, офицер бир жумадан бери "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун аталган шаардагы объекттерин аныктоо боюнча атайын тапшырманы аткарып жүргөн. Ал орус аскерий учактарына кайсы жерлерди бомбалоо боюнча координаттарды бериши керек эле.

Расмий кабарларга ылайык, Орусия Сирияда аскерий операция баштагандан бери буга чейин беш аскер кызматкери курман болгон.

Бейшембиде Сириянын өкмөттүк күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук тобу ээлеп алган Палмира шаарына жакындаганы айтылып жаткан. Бул шаар тарыхый-маданий комплекс катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG