Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Казак өкмөтү ордунда калды


Карим Масимов
Карим Масимов

Жаңы шайланып келген казак парламентинин төмөнкү палатасы - Мажилис Карим Масимов баштаган мурдагы өкмөттү ордунда калтырууну колдоду. Мажилистеги бүгүнкү добуш берүү шайлоодон кийинки конститутициялык процедурага жараша жасалды.

Мунун алдында президент Нурсултан Назарбаев ири кадрдык өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын көрбөй жатканын айткан. 20-марттагы парламенттик шайлоодо анын "Нур Отан" партиясы 82,2 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. "Нур Отанга" шериктеш дагы эки партия 7 пайыздан ашыгыраак добуш менен парламентке келди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары бул шайлоо Казакстан демократиялык шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн али дагы узак жол басышы керектигин көрсөткөнүн айткан.

Казакстан эгемендик алган 1991-жылдан бери бир дагы шайлоосун батыштык байкоочулар эркин жана адилет деп баалаган эмес.

XS
SM
MD
LG