Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:50

Жалал-Абадда мугалимдер ипотекалык насыя ала баштады


Жалал-Абадда мугалимдерге ипотекалык насыя бериле баштады. РСК-банкынын шаардагы филиалынан бүгүн шаардагы №14 мектептин мугалими Нуржан Амановага биринчилерден болуп 1 млн 80 миң сомдук насыянын сертификаты тапшырылды.

Анын айтуусунда шаардагы көп кабат үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү батир сатып алды.

Мугалимге банк 15 жылдык мөөнөткө 14% менен 1 млн 200 миң насыя чектеген. Аманова насыянын 10% үстөк катары төлөгөн. Эми ал ай сайын банкка 14 миң сомдон төлөм тапшырып турат.

Учурда облус боюна дагы 24 кызматкерге ипотекалык насыя берүү каралууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG