Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Кыргыз өнөрпоздору АКШда БУУ уюштурган Нооруз майрамына катышат


Кыргызстандык ырчылар, комузчулар 27-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу жана 1-апрелде Вашингтондогу кеңсесинде өтө турган Нооруз майрамына арналган атайын маданий иш-чарага катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин билдирди.

Нооруз майрамына арналган бул иш-чаралар 20-мартта адегенде Туркияда башталган. Саамалыкка Кыргызстандын атынан жаш ырчылар Гүлжигит Калыков, Гүлнур Асанова жана “Акак” комузчулар тобу катышууда. 22-март күнү аларды түрк президенти Режеп Эрдоган кабыл алган.

Учурда түрк тилдүү мамлекеттердин өнөрпоздору Түркиянын тарыхый шаарларын кыдырып жүрөт.

Иш-чараларды ЮНЕСКО жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмдары уюштурууда. (SA)

XS
SM
MD
LG