Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Караколдо адам укуктары боюнча абал талкууланды


Караколдо Европа Биримдиги каржылаган Даниянын адам укуктары институтунун өкүлдөрү менен жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин жолугушуусу өттү. Анда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, бул жаатта кабыл алынган мыйзамдар, эл аралык нормалар тууралуу сөз болду.

Даниялык эксперттер жергиликтүү бийлик, юстиция мекемелери менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти. Ошону менен катар элдин укуктук сабаттуулугун жакшыртуу чаралары талкууланды.

Институттун медиа-эксперти Гүлзат Шаршеналиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, карапайым тургундар үчүн да ушул сыяктуу окуулар уюштурулат жана интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу байланыш түзүү жолдору көрсөтүлөт.

Бул сыяктуу жолугушуулдар Кыргызстандын башка аймактарында да өтмөкчү. (AsM)

XS
SM
MD
LG