Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Өкмөт Токтогул ГЭСинде ири реконструкция жүргүзгөнү жатат


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Быйыл күздөн тарта Токтогул ГЭСинде ири реконструкциялык иштер башталат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында айтты. Өкмөт башчынын белгилешинче, агрегаттар алмаштырылат жана 3 жылдын ичинде кубаттуулук 20 пайызга көбөйөт.

Ошондой эле Темир Сариев Токтогул ГЭСиндеги аварияларды эске алуу менен мындай кырдаалга жол берген жетекчилерге сөгүш жарыялоо керек экенин билдирди. "Бул авария биз үчүн чоң коңгуроо болду" деди премьер.

Бүгүн өкмөт калктын жана экономиканын тармактарынын 2016/2017-жылдардын күз-кышкы мезгилге даярдыгы тууралуу маселени карады.

Темир Сариев өткөн жылдагы ири өзгөрүүлөрдүн бири катары “Кемин” 500 Кв подстанциясын жана “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясын ишке берүүнү атады.

«Муну менен биз өлкөнүн көз карандысыз энергетикалык шакекчесине ээ болдук. Бул шартты натыйжалуу пайдаланышыбыз керек» деди өкмөт башчы. (RK)

XS
SM
MD
LG