Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Бельгияда дагы бир жанкечти аныкталды


Бельгия бийликтери 22-мартта Брюссель аэропортунда өзүн жардырган экинчи террорчу Нажим Лаахраоуи болгону аныкталганын жарыялады. Өлкөнүн федералдык прокуратурасы окуя болгон жерден алынган ДНК анализи ал 24 жаштагы Нажим Лаахраоуи экенин ырастаганын, мурда ал Соуфиан Каяль деген жасалма ат менен жүргөнүн билдирди.

Маалыматтарга караганда, ал 2013-жылы Сирияга кеткенге чейин Брюсселдеги католик мектебинин мыкты окуучуларынын бири болгон. Анын былтыр ноябрда Парижде 130 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарга да байланышы бардыгы айтылууда.

Мындан эки күн мурда аэропорттун учуу залында жардыруу жасагандардын бири 27 жаштагы Ибрагим ал-Бакрауи экени аныкталган.

25-март - Брюсселдеги террордук чабуулдар үчүн жарыяланган үч күндүк аза күтүүнүн акыркы күнү болду.

22-мартта Брюсселдин Завентем аба майданы менен Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан имараттарга жакын "Малбек" метро бекетинде удаа-удаа жардыруулар болгон. 31 адамдын жанын кыйган бул кандуу калаба үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алды.

XS
SM
MD
LG