Премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн эртең мененки саат жетиден баштап Өзбекстан Кыргызстандын Аксы районундагы такталбаган Чаласарт участкасынан өз аскерлерин чыгарып, блокпостторун алууда. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшембиев президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Темир Сариевге маалымат берди.
Кечээ өзбек тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек ара башчыларынын ортосунда Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде сүйлөшүүлөр болгон.
Сүйлөшүү бир күн кечке созулуп, кечки саат онго жуук аяктады.
18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесинин өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келиши кыргыз тараптын нааразылыгын жаратып, чек арадагы абал курчуп кеткен. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын койгон. Кыргыз Чек ара кызматы бул талаштуу тилке экенин айтса, жергиликтүү калк ал жер мурдатан Кыргызстандыкы болгонун, үлүш жерлери да бар экенин билдиришкен. (AzK)