Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында Мамлекеттик арихитектура жана курулуш агенттиги, турак-жай коммуналдык чарбасында 2014-2015-жылы аныкталган кылмыш иштеринин жыйынтыгында мамлекетке 8,4 млн сом чыгым келтирилген.
Кылмыш иштеринин 19у сотко жөнөтүлүп, алардын 8ине айыптоочу өкүм чыгарылган. Ушул тапта дагы 26 кылмыш иши иликтенип жатат. (AzK)