Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Independent гезити акыркы ирет кагаз түрүндө жарык көрдү


Independent гезити
Independent гезити

Британиянын Independent аттуу белгилүү гезити эми мындан ары онлайн версия менен чыга баштайт. Бул1995-жылдан бери алгачкы ирет ири басылманын онлайн версияга өтүшү болуп саналат. Күнүгө чыгып турчу басылма 1986-жылы түптөлүп, 1990-жылы 400 миң нускада чыга баштаган. Ал өзүн партиялардын таасиринен көз карандысыз басылма катары көрсөткөн.

Бирок гезит 90-жылдардын башында олуттуу каржылык каатчылыкка туш болуп, нускасы түшкөн. 2010-жылы аны орус бизнесмени Александр Лебедев 1 фунт стерлинг номиналдык баада сатып алган. 2015-жылы басылманын күнүмдүк нускасы 58 миңден ылдый түшкөн. Ошентсе дагы гезиттин ээлери анын онлайн версиясы окурмандарды көбүрөөк тарта баштаганын белгилешет. (AzK)

XS
SM
MD
LG