“Айылбанк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен Бактыгүл Жээнбаева бул кызматка бекиди.
Ал буга чейин Улуттук банктын төрага орун басары жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси кызматын ээлеп турган.
Акыркы кызматында ал үч ай гана иштеп, кайра жаңы кызматка дайындалды. Буга чейин “Айылбанкты” жетектеп келген Эркин Асрандиев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп бекиген. (AzK)