Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Каракол менен Балыкчынын шаардык кеңештери шайлоого даяр


Аймактык шайлоо комиссияларынын билдиришинче, Каракол шаарында 24 шайлоо тилкесинде 155 шайлоочу добуш берсе, Балыкчы шаарында 11 шайлоо тилкесинен 54 шайлоочу көчмө шайлоодо добуш бермекчи.

Каракол шаарында жалпы шайлоочулардын саны 28 миң 609. Ал жерде шаардык кеңешке 13 партиядан 634 талапкер аттанган. Ал эми 23 миң 966 шайлоочусу бар Балыкчы шаарында 14 партиядан 716 талапкер ат салышууда. Шайлоо 27-мартта болот. Үгүт иштери 27-февралда башталып, кечээ түнү саат 12де токтогон. (AsM)

XS
SM
MD
LG