АКШ президенти НАТОнун башкы катчысы менен жакынкы күндөрдө “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштү талкуулайт.
Жолугушуу Ак үйдө болот. Анда миграциялык кризис, 8-9-июлда Варшавада боло турган НАТОнун саммити жана бул аскерий-саясий союздун Чыгыш Европадагы ролун Чыгыш Украинадагы Орусиянын аракетине жооп катары бекемдөө тууралуу сүйлөшүү күтүлүп жатат.
Ак үйдүн маалыматына караганда жолугушуу маалында Барак Обама түндүк атлантикалык союздун штаб-квартирасы жайгашкан Брюсселдеги террордук кол салууга байланыштуу НАТО өлкөлөрү менен Вашингтондун тилектештигин белгилемекчи. (AzK)