Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Нарын: 14 жаштагы кыздын кош бойлуу экенин дарыгерлер аныктай алган эмес


14 жашында көз жарган кыз кош бойлуу кезде дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөн. Бирок медицина кызматкерлери анын алты айлык боюнда бар экенин билбей, башка диагноз коюп, дарыланууга жолдомо бергени маалым болду.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык тармактар боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова билдирди.

Ал эми Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Мурат Алиаскаров кызга "ден соолугу таза" деп жазып берген маалымкат белгисиз адамдар тарабынан сатылышы мүмкүндүгүн моюнуна алып, ушул жылдан тарта справка берүү жобосу катуу көзөмөлгө алынарын айтты.

Февраль айында Нарында 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарган. Аны зордуктаган деген шек менен облустук милиция 24 жаштагы жаранды камакка алган. (MiK)

XS
SM
MD
LG