Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12-майга чейин камакта калды


Кубанычбек Кадыров (солдо) жана Бектур Асанов
Кубанычбек Кадыров (солдо) жана Бектур Асанов

Бул туурасында “Азаттыкка” жарандык активист Адил Турдукулов билдирди. Алардын баш коргоо чарасын бүгүн Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим кабыл алган.

Оппозициялык саясатчылар "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен УКМК кызматкерлери кармап кеткен.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма тараган. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылгандар менен дал келерин айткан.

Ал эми сүйлөшүүгө катышкандардын айрымдары бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG