Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө


Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогу сыяктуу бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду.

Бүгүнкү шайлоодо элди шаардык кеңештердеги шайлоолор көбүрөөк кызыктырууда. Ош шаардык кеңешине шайлоого 13 партия аттанган. Ош шаарында жалпы шайлоочулардын саны 117 миң 752 адамды түзөт.

Каракол шаарында шайлоочулардын саны 28 миң 609. Ал жерде шаардык кеңешке 13 партиядан 634 талапкер аттанган.

Ал эми 23 миң 966 шайлоочусу бар Балыкчы шаарында 14 партиядан 716 талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG