Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

6 шаар жана 21 айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө


Алардын ичинен кезектеги шайлоо Ош, Каракол шаардык кеңештеринде жана 11 айылдык кеңеште, ал эми кезексиз шайлоо Токмок, Майлуу-Суу шаарларында, Коңур-Дөбө, Сары-Колот, Көк-Бел айыл кеңештеринде өтүүдө.

Булардан тышкары мөөнөтү 25-мартта бүтүп жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан аймактардын катарында Балыкчы, Кемин шаардык, Авлетим, Оргочор, Арашан, Милянфан, Будалык айылдык кеңештер бар. Бул шайлоого 24 саясий партия катышууда. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы таратты.

БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 27-мартта өтүп жаткан шайлоону аймактык комиссиялар уюштурууда. БШК кеңеш берүү режиминде иштеп жатат. Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо май айында да болот. Ал эми күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо аймактардын басымдуу бөлүгүндө өтөт.

Кыргызстанда 31 шаар, 453 айыл өкмөтү бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG