Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Каракол шаарында саат 10го чейин 2274 шайлоочу добуш берди


Шайлоодо кезек күткөндөр
Шайлоодо кезек күткөндөр

Бул туурасында аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Айнура Чекиева билдирди. Анын айтымында, беш шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүктөр болуп, кошумча техникалар жеткирилип, бузулгандары оңдолууда. Азыр шаарда 24 шайлоо участогу иштеп жатат.

Каракол шаарында жалпы шайлоочулардын саны 28 609ду түзөт. Шаардык кеңешке 13 партиядан 634 талапкер аттанган.

Балыкчы шаарында болсо саат 10го чейин шайлоочулардын 7,8 пайызы добуш берүүгө жетишти. Балыкчы шаарында 11 шайлоо тилкеси 23 966 шайлоочуну тейлейт. Ал эми 23 966 шайлоочусу бар Балыкчы шаарында 14 партиядан 716 талапкер ат салышууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG