Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 05:41

Он-Адыр айылында шайлоочуларга басым жасалган учурлар болгону айтылууда


Ош шаары

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү Баатырбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, КСДП партиясынан талапкер Шакир Зулимов 46-мектептеги шайлоо участогунун кире беришинде эртеден бери шайлоочуларды тосуп алып, аларга басым жасаган.

Шакир Зулимов болсо, ал жерде шайлоочулары менен учурашып жатканын жана өзү үгүт жүргүзгөн шайлоочулардын келип-келбегенин тактап жатканын билдирген. Ал өзү айылдагы Федченко атындагы мектептеги шайлоо участогунда акча тараткан жаран кармалганын билдирди.

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиришинче, ушул сааттарга карата мыйзам бузуулар боюнча бир дагы кайрылуу түшкөн жок. (AzK/IY)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG