Бул шайлоочулардын 30 пайызы ушул саатка карата шайлоого келди дегенди түшүндүрөт. Шаарда жалпы 116 миң шайлоочу болсо, бүгүн алардын 70 миңи келет деп күтүлүүдө. Байкоочулардын айтымында, азыр шайлоо участокторунда кезек күткөндөрдүн саны азайып калды. Бирок кечке жуук шайлоочулардын толкуну кайра күчөйт деп болжонууда. Мындан тышкары Алайда 22 пайыз, Ноокатта 13 пайыз, Кара-Сууда 21 пайыз шайлоочу добуш берди.
Бүгүн жалпысынан алты шаар жана 21 айыл өкмөтүндө шайлоо өтүп жатат. (AzK/SDz)