Ушул тапта Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы төрт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештерине шайлоо өтүп жатат. Аталган райондун аймактык шайлоо комиссиясынын төрөгасы Урмат Жылтыровдун “Азаттыкка” кабарлашынча, ушул саатка 9716 шайлоочунун 3064ү добуш берди. Ошондой эле Жылтыров шайлоо тынч өтүп жаткандыгын, мыйзам бузуулар болбогонун кабарлады.
Ак-Талаада жалпысынан 13 айыл өкмөт бар. Анын төртүндө бүгүн шайлоо өтүп жатат. Ал эми калган сегиз айыл өкмөтүндө шайлоо күз айларында болот. (MiK)