Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Сарпашев: Добуш бере албай калгандар саны 0,15% болду


Кыргызстанда бүгүн жергиликтүү шайлоо маалында биометрикалык каттоодон улам добуш бере албай калгандар боюнча көрсөткүч 0,15% болду. Бул тууралуу ушу тапта Ошто өтүп жаткан пресс-конференцияда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, болжол менен айтканда ар бир 2000 шайлоочунун үчөө боюнча тизмеде бар, бирок бармак изин идентификациялоодо маселе жаралды.

Буга чейин маалымдалгандай, добуш берүү маалында биометрикалык каттоо боюнча шайлоочуну аныктоо, тизмелерге байланыштуу проблемалар чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG