Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Абдраимов: добуш сатып алуу фактылары такталса чара көрүлөт


Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу аракеттери орун алганын бышыктады. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, мындай фактылар такталып, аныкталса чара көрүлөрүн эскертти. Добуш топтоодо ыплас ыкмаларды колдонгон партиялар мандат алуу укугунан ажырай турганын, бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелерин айтты.

Буга чейин “Таза шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айнура Усупбекова бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу аракеттери болгонун “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, мындай көрүнүш Ош менен Токмок шаарларында көп катталды.

Аталган уюм Оштогу добуш сатып алуу фактысы боюнча прокуратурага арыз берди. Усупбекова Токмок шаарында айрым шайлоо участокторунда байкоочулардын коопсуздугуна коркунуч келген учурлар да болгонун кошумчалады. (EBM)

XS
SM
MD
LG