Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Камалган оппозиция өкүлдөрүн колдоо акциясы азырынча пландала элек


Оппозиция өкүлдөрү.
Оппозиция өкүлдөрү.

Оппозиция өзүнүн айрым өкүлдөрүнүн камакка алынышына каршы азырынча эч кандай акция пландай элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Прогресс" коомдук уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов кабарлады.

Буга чейин ал кармалган саясатчылардын баш коргоо чарасы сотто аныкталганына жараша пикет өткөрүү же өткөрбөө чечими кабыл алынарын билдирген болчу.

22-мартта жана 27-мартта интернетте "оппозиция бийликти күч менен басып алууну көздөп жатат" деген жашыруун жаздырылып алынган аудио тасма тараган. Улуттук коопсуздук комитети жаздыруу расмий санкциянын негизинде, мурда козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.

Ошол аудиолордогу сүйлөшүүгө катышкан деген үч адам - оппозициялык саясатчылар, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов, "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров жана энергетика маселелери боюнча серепчи Эрнест Карыбеков кармалып, үчөө тең өткөн апта соңунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын тергөө абагына камалды.

Ошол сүйлөшүүлөргө тиешеси бар деген дагы бир шектүү жаран - Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыяланды.(RK)

XS
SM
MD
LG