Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Бишкектеги бак-дарактардын абалы изилденет


Бишкекте жыгылган дарак.
Бишкекте жыгылган дарак.

Бишкек шаар мэриясынын көзөмөлү менен калаадагы бактарды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. ӨКМ, мэриядан, Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан жана Экотехинспекциядан өкүлдөр кирген бул комиссия бактардын жашын, абалын изилдөөгө алат. Куураган, тамыры жакшы кармабай калган бактар кыйылат.

27-мартта шаардын чок ортосундагы Чүй-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде эски бак кулап, токтоп турган унааны жана жүрүп келе жаткан унааны басып калган. Жүрүп келе жаткан унаанын айдоочусу каза болгон.

Шаар мэри Албек Ибраимов өлгөн жарандын үй-бүлөсүнө жардам уюштурууну тапшырды деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Өткөн жылы Бишкектеги Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен бак кулап, аялдамада троллейбус күтүп турган кишини басып калган. Киши ошол жерден мерт кеткен. 2015-жылы Бишкекте жана анын айланасында бак кулаган беш учур катталса, анын экөө адам өлүмү менен коштолгон. Дээрлик баарында унаалар жабыркап, троллейбус линиясы үзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG