Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Жол кайгуул кызматынын башчысы камакта калат


Зумрад Жанабаева.
Зумрад Жанабаева.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын башчысы Зумрад Жанабаева 17-апрелге чейин тергөө абагында болот.

Жанабаева Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен 24-мартта кармалган. Ал кол алдында иштеген кызматкерди мурдагы дата менен иштен бошоткон деп шектелүүдө.

Анын кол алдында иштеген кызматкер, милициянын старшинасы Н.К. 8-ноябрда мас абалында унаа айдап баратып, жол кайгуул кызматынын унаасы менен кагылышкан. Старшина мас абалында болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Н.К. 6-ноябрда кызматынан бошотулганы анык болгон. Бирок, ошол эле иликтөөнүн негизинде ал 6-7-ноябрь күндөрү курал бөлүмүнөн өзүнүн атына таандык тапанчаны алып, кайра кайтарганы аныкталган. Ушундан улам, тергөөчүлөр милициянын старшинасы 6-ноябрда кызматынан бошотулбаганын, аны Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын башчысы Зумрад Жанабаева кызмат абалынан пайдаланып, мурдагы дата менен кызматтан бошоткон деп белгилешүүдө.

Зумрад Жанабаеванын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту 26-мартта караган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG