Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Ошто добуш сатып алууга шектелген 9 адам сурак берүүдө


Ош шаардык кеңешке шайлоо.
Ош шаардык кеңешке шайлоо.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын башчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтуусунда, кечээ кечке жуук добуш сатып алууга шектүү жарандар кармалган. Азырынча аларга кылмыш иши козголо элек. Сурак жана текшерүүлөрдө топтолгон материалдар прокуратурага жиберилмекчи. Сыдыковдун ырасташынча, ага укуктук бааны прокуратура жана шайлоо комиссиясы берет.

27-мартта Ош шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоо өттү. Ага 13 партия ат салышып, алдын ала жыйынтыктар боюнча 6 партия босого чектен ашты. Шайлоонун жүрүшүндө азыр жеңишке жетти делип жаткан партиялардын баары акча таратканы айтылууда. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош шаардык кеңешинин шайлоосунда бир добуштун баасы 1500 сомго чыккан.(YI)

XS
SM
MD
LG