Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

«Таза шайлоо»: Шайлоо таза өттү дегенге тил барбайт


Ош шаардык кеңештин шайлоочулары.
Ош шаардык кеңештин шайлоочулары.

27-мартта Ош шаардык кеңешин шайлоого 40 байкоочусу көз салган «Таза шайлоо» коому Ошто өткөн шайлоону “мыйзамды одоно бузуулар менен өттү” деп сыпаттады. Аталган коомдун өкүлү Эльвира Икрамованын айтуусунда, шайлоочуларды коркуткан, аларга басым жасаган, добуштарды сатып алган аракеттер көп болгон:

-Шайлоо күнүнүн биринчи жарымында аймактык шайлоо комиссиясына да басым жасоого аракеттер болду. Шайлоо участкаларында добуш сатып алууга, шайлоочуларга басым жасаганга аракет кылган адамдар жүрдү. Биз аларга чара көрүү керектигин айттык. Шайлоо бүткөндөн кийин добуш сатып алуу фактысы боюнча актты алып барсак, Ош шаардык прокуратурасы кабыл албай койду.

Икрамова добуш сатып алуу фактысы боюнча дагы бир арызды БШКнын кароосуна жолдоп жатканын кошумчалады.

Ош шаардык милициясы добуш сатып алуу фактысы боюнча 9 адамды кармаган.

Кечээ Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болгон. 45 депутаттык орунга 13 партиядан миңден ашык талапкер ат салышып, 6 партия босоголук чектен өткөн. (YI)

XS
SM
MD
LG