Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Нарында музыкалык мектеп Жерүй алтын кенинин эсебинен курулууда


Болочок музыканттар.
Болочок музыканттар.

Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. 28-мартта имараттын пайдубалына капсула салууга катышкан Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бул курулуш Таластагы Жерүй кенинен аукциондун негизинде түшкөн 100 млн. доллар акчанын эсебинен салынып жаткандыгын билдирди.

Курулуш иштерин 47,2 млн сомго “Имарат-Прогресс” курулуш компаниясы ишке ашырат жана ушул жылдын 30-августуна чейин толук бүтүрүү милдетин алган.

Жаңы имарат 400 орундуу болмокчу. Анда мектеп окуучулары үчүн музыкалык ийримдер ачылат. Учурда аталган мектепте 200дөн ашык окуучу билим алууда.

Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин эски имараты 1938-жылы салынып, учурда авариялык абалга жетип, кулап калуу коркунучунда. (MiK)

XS
SM
MD
LG