Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:27

Ооган парламентинин имараты ракета менен аткыланды


Ооган парламентине көз салып турган коопсуздук күчтөрү. 28-март, 2016-жыл

28-мартта ооган парламенти атайын кызматтар жана ички иштер министрлигинин жетекчилиги маалымат берер алдында аткыланды. Маалыматка караганда жабыркагандар жок. Чабуулга жоопкерчиликти талиптер алды. “Үч ракета атылды. Бирок алар башкы имараттарга тийген жок” деп билдирди Бадахшан провинциясынан депутат болуп шайланган Сейфуллах Муслим.

Аткылоо парламенттик сессия жүрүп жаткан мезгилде болгон. Кабулдагы бийлик жана дипломаттык миссиялар жайгашкан аймактар ракета менен кез-кезде аткыланып турат. Бирок акыркы айларда андай окуя болгон эмес эле. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG