Мөңгүлөрдүн эрүүсүнө глобалдык жылуулук жана андан улам жаан-чачындын өзгөрүүсү себеп болгон. Бул тууралуу "Кумтөр" алтын кенинин айланасындагы мөңгүлөрдүн эрүүсүн иликтеген эксперттик комиссия 28-мартта парламенттик угуу учурунда билдирди.
Комиссия сунуштаган документте белгиленгендей, 1970-жылкы каталог боюнча Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жалпы аянты 436,05 чарчы чакырым турган 165 мөңгү эсептелген. Ошондой эле "Кумтөр" ишканасынын аймагында 68,8 чарчы чакырымдык Петров, 5,5 чарчы чакырымдык Лысый, 11,6 чарчы чакырымдык Давыдов, 3,3 чарчы чакырымдык Сары-Төр жана 5,9 чарчы чакырымдык Борду мөңгүлөрү катталган. Булар жалпы Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн 23,2% түзөт.
Эксперттик комиссия мөңгүлөрдүн эришине абанын булганышы, климаттын ысышы таасир эткенин ырастады. Корутундуга ылайык, глобалдык жылуулуктан улам, Таянь-Шань тоолорунун жогорку аймактарындагы мөңгүлөр тездик менен эрип жатат. Мындай эрүү 1970-жылдардан бери башталганы айтылып, космостон алынган маалыматтар боюнча 1977-жылдан 2001-жылга чейин Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүнүн 20% көбү кыскарып кеткен. "Кумтөр" ишканасынын айланасындагы мөңгүлөр 1943-жылдан 2003-жылга чейин азайган, эң көп үлүш Давыдов мөңгүсүнө туш келет.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин уюштуруусу менен мөңгүлөрдүн эришинин себептери талкууланды. Анда “Кумтөр" кенинин аймагында жайгашкан муздардын абалы жөнүндө” маселени иликтөө боюнча илимий-техникалык эксперттик топтун баяндамасы угулду.
2015-жылы 1-декабрда Парижде өткөн климаттын ысышына арналган саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев ушул темп менен эрип жүрүп отурса, Кыргызстандагы мөңгүлөр жүз жыл ичинде такыр калбай каларын эскерткен.(ZKo)