Каракол шаарынын тазалыгы жана өнүгүүсү үчүн кылган аракеттери менен таанымал активист Азамат Айтбаев “Табылга” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.
22 жаштагы депутат Ысык-Көлдөгү Касым Тыныстанов атындагы университетте 5-курста окуйт. Айтбаев буга чейин жергиликтүү бийликтин ишин сындап, түрдүү иш-чараларды уюштуруп келген. (AsM)