31-мартта жана 1-2-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөгөн жаан узакка созулушу ыктымал. Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болот.
1-2-апрелде абанын температурасы дыйканчылык аймактарда түнкүсүн +1...+6°, күндүз +8...+13 чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
28-марттан 29-мартка жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жана Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.