28-мартта эки жүздөй активист көчөгө чыгып, кеңири тараган коррупцияны ооздуктабай жатат деп башкы прокурор Виктор Шокинди айыптап, кызматтан кетүүгө чакырды. Алар президент Петро Порошенкодон реформатор прокурорду дайындоону талап кылышууда.
Шокин кызматтан бошотуу тууралуу февралда арыз бергенине карабай ордунда турат. Анын арызы парламентте 29-мартта карала турган болууда.
Виктор Шокинди кызматтан кетирүү талабы анын орун басары Виталий Каско 15-февралда кызматтан бошотуу арызын жазып, Шокин коррупциялык иликтөөлөргө тоскоолдук кылууда дегенден кийин күчөгөн. Шокин башкы прокурорлук кызматка былтыр февралда дайындалган. (AiT)