Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Азербайжанда укук коргоочу Интигам Алиев эркиндикке чыкты


Абактан чыккан Интигам Алиев
Абактан чыккан Интигам Алиев

Белгилүү азербайжандык юрист жана укук коргоочу Интигам Алиевдин абактагы кесимин Жогорку Сот шарттууга алмаштырды. Алиев эки жыл мурда салык төлөөдөн качкын, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген деген айып менен камалган. Алиев 20 жылдан ашык убакыттан бери коррупцияга каршы кампания жүргүзүп келгени менен таанымал.

17-мартта президент Илхам Алиевдин жардыгы менен абактагы 148 адамга мунапыс берилип, эркиндикке чыгарылган. Алардын арасында бир канча көз карандысыз жана оппозициялык журналисттер менен укук коргоочулар да бар.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Азербайжан бийлигинин бул кадамын кубаттап, саясий себептер менен камалган бардык адамдарды абактан бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG