Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Памфилова: Орусиянын Боршайкомунун иши кардиналдуу түрдө өзгөрөт


Элла Памфилова.
Элла Памфилова.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын иши кардиналдуу түрдө өзгөртүлөт. Бул тууралуу мекеменин жаңы жетекчиси Элла Памфилова билдирди.

Сентябрь айында Мамлекеттик Думага боло турган шайлоо алдында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине орус президентинин адам укуктары боюнча мурунку өкүлү Элла Памфилова шайланды.

62 жаштагы Памфилова жыйырма жылдан ашык мезгил бою адам укуктарын коргоо багытында иштеген жана жарандык коом менен бийликтин ортосунда диалогду жактаган инсан.

Ал 2014-жылы Орусиянын акыйкатчысы кызматына дайындалган. Эми ал 2007-жылдан бери орус шайлоо комиссиясын жетектеп келген Владимир Чуровду алмаштырды.

Владимир Путиндин санаалашы деп аталган Чуров шайлоо жыйынтыктарын бурмалаган деп сынга алынган.

XS
SM
MD
LG