Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Балдар укугун коргоочулар парламентке кайрылды


Бала.
Бала.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо менен алектенген бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңешке кайрылды. Алар учурда парламенттин талкуусунда турган мыйзам долбоорлорунун бирин багар-көрөрү жок калгандыгына байланыштуу пенсия алуучу балдарга жана майыптарга карата дискриминациялык демилге деп атоодо.

Укук коргоочулардын билдиргенине караганда, эгер бул мыйзам кабыл алынса салык жана жөлөкпулдарды жөнгө салуучу мыйзамдар өзгөртүлүп, сот, прокурор, бизнесмен же башка айлыгы көп жерде иштеп жүрүп пенсияга чыккандар да жөлөкпул алуучулардын катарына киргизилет.

Ал эми жардамга чынында эле муктаж жетимдер менен майыптар бул тизмеден чыгып калышы ыктымал.

Ошондуктан аталган долбоорду сөзсүз түрдө укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү талабы коюлду. (RK)

XS
SM
MD
LG