Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Панфиловчуларды эскерүү вахтасы Бишкектен Саратовго өткөрүлүп берилет


Москванын жанындагы Панфиловго коюлган эстелик.
Москванын жанындагы Панфиловго коюлган эстелик.

Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш маалында эрдик көрсөткөн панфиловчу аскерлерди эскерүү акциясы өтөт. Президентке караштуу Башкаруу академиясы уюштуруп жаткан “Биз миллиондогон панфиловчуларбыз” иш-чарасынын алкагында И.В.Панфиловдун эстелигинин алдында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен митинг-реквием өткөрүлөт. Соңунда эскерүү вахтасы Орусиянын Саратов шаарынан келген делегацияга символикалык түрдө өткөрүлүп берилет.

Генерал-майор Иван Панфилов 1938-жылдан 1941-жылга чейин Кыргызстандын аскер комиссары болуп кызмат өтөгөн. Согуш башталганда кыргызстандык жана казакстандык жарандардан 316-аткычтар дивизиясын уюштуруп, жетекчилик кылган.

1941-жылы Москвага жакын жердеги Дубосеково жолунда баскынчылардын танктарын талкалап, душмандын чабуулунун мизин кайтарып курман болгон 28 баатыр панфиловчунун эрдиги унутулбай эскерилип келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG