Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет


Бүгүн, 29-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында футбол боюнча кыргыз жана тажик улуттук курама командалары беттешет. Оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналат.

Мелдеш кечки саат 19:00дө Дүйшөмбүнүн борбордук стадионунда өтөт. Таймаштын жүрүшүн Кыргызстандын аймагында Коомдук биринчи канал түз алып көрсөтөт.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычында Кыргызстан "В" тайпасында Австралия, Тажикстан, Бангладеш, Иордания курамалары менен ойноду.

7 оюндан кийин Австралия 18 упай топтоп көч башында. Андан соң үч упайга кем чогулткан Иордания курамасы жайгашууда.

Кыргызстандын эсебинде 11 упай бар. Тажикстанда 5 упай бар. Сегиз оюн ойноп тандап алуу баскычында мелдештерин жыйынтыктай турган Бангладеш курамасы бир упайга ээ болду. (Ech)

XS
SM
MD
LG