Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:50

Украин парламентиндеги үч негизги партия жаңы коалиция түздү


Украин парламентиндеги үч негизги партия жаңы коалиция түзүп, өкмөт башчылыкка парламенттин азыркы төрагасы Владимир Гройсмандын талапкердигин көрсөтмөй болду.

Бул маселе Жогорку Радада бүгүн каралат.

Коалицияга премьер-министр Арсений Яценюктун “Элдик фронту”, президент “Петр Порошенконун блогу” жана Юлия Тимошенконун «Батькивщинасы» кирет. Үч партия тең буга чейинки коалиция боюнча да партнер болчу.

“Радикалдык партия” жаңы биригүүгө кошулуудан баш тартты.

Жаңы коалициянын түзүлгөндүгү бир нече айга созулган жана украин экономикасын көтөрүүгө каражат бөлүү үчүн Батыш талап кылган реформаны туңгуюкка кептелткен саясий кризистин аякташынан кабар берет.

Буга чейин айтылгандай, Эл аралык валюта фондунан Украинага 1,7 млрд долларлык насыя убада кылынган. (RK)

XS
SM
MD
LG