Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

АКШ Конгрессине куралчан кирген жаранга полиция ок атты


Капитолий имараты.
Капитолий имараты.

АКШнын Конгресси жайгашкан Капитолий имаратында ок атылып, курал алып жүргөн 66 жаштагы Ларри Рассел Даусон жараат алды. Учурда ал ооруканада.

Окуя имараттын туристтер үчүн ачылган борборунда болгон.

Полициянын айтымында, экскурсияга келген туристтерди текшерүү учурунда коопсуздук кызматкерлери ал жарандын колунан тапанча көргөндүктөн ыктымал кырсыкты алдын алуу үчүн ок чыгарган.

Шектүү адам күч кызматкерлерине мурдатан эле белгилүү болчу. Ал 2005-жылы Сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратуу аракетин жасаган.

Окуя болгон учурда имараттын ичинде конгрессмендер көп эмес болчу. Башка эч ким жабыркаган жок.

Өлкө президенти отурган Ак үй Капитолийден анча алыс эмес жерде жайгашкандыктан ал жакта да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жалпы коомчулук үчүн эч кандай коркунуч жок экени расмий кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG